Ош облустук ички иштер башкармалыгынын патрулдук милиция бөлүмүнүн маалыматына караганда, жол кырсыгы 13-октябрга караган түнү Бишкек-Ош жолунун 633-чакырымында (Жаңы-Арык айылы) болгон. Анда Фольксваген Гольф унаасынын айдоочусу 1968-жылы туулган Э.А. рулду башкара албай, жолдон өтүп бараткан 1952-жылы туулган А.Г. аттуу аялды сүзүп кеткен.
"Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза тапкан. Ошол учурда айдоочу аябай мас абалда болгон. Аталган кырсык боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат патрулдук милициянын маалыматында.