Ош облусунда айдоочу унаасы менен жөө адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Ош ОИИБнин патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 12-октябрь түнү Бишкек-Ош унаа жолунда болгон. Анда Оштон Өзгөн шаарына бараткан 1994-жылы туулган М.К. аттуу айдоочу Субару Легаси үлгүсүндөгү унаасы менен жолдон өтүп бараткан 1978-жылы туулган М.А. аттуу аялды сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу Куршаб айылындагы ооруканага жетпей каза болгон.
Азыркы тапта соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.