Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Талас облусунда 3, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
"Сузак районундагы Благовещенко айылында жыгач устундуу шифер жабылган аянты 67 чарчы метр сарайдын чатыры, 350 боо жүгөрү бакалы жана 100 түк чөп күйгөн. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.