Ош облусунда Ак-Буура суусуна түшүп кеткен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"13-октябрь күнү саат 17:25де Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучуларыТөлөйкөн айыл өкмөтүнүн Төлөйкөн айылында Ак-Буура суусуна 68 жаштагы Г.Т. аттуу аял киши түшүп чөгүп кеткен деген маалымат боюнча издөө иштерин жүргүзүп, жансыз денесин табышкан", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.