Бүгүн, 14-октябрда эртең менен Бишкек шаарында "Ала-Тоо" аянтынын жанында жол тандабас унаа менен №227-маршруттук каттамындагы эл ташыган кичи автобус сүзүшүп, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Панфилов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Land Cruiser менен №227-маршруттук каттамдын унаасы сүзүшүп алган. Натыйжада маршруттук каттам капталы менен кулап, 4 адам жаракат алган. Учурда жол кырсыгы эмнеден келип чыкканы териштирилип, айдоочулардын спирттик ичимдиктерди ичкен-ичпегендигин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүлүүдө. Унаалар айып аянтчасына токтотулду", - дешти мекемеден.