Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичи районунда адамдын жансыз денеси табылды

Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан болжол менен 25-35 чамасындагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу күбөлөр SUPER.KG порталына кабарлашты. Учурда окуя болгон жер курчоого алынып, милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

"Эртең менен болжолу саат 06:50, 07:00 чамаларында №8-үйдүн алдындагы таштанды таштоочу урналар жактан адамдардын кыйкырыгы чыгып калды. Терезеден карасак ак түстөгү унаадан 4-5 киши түшүп, азиат улутундагы бир адамды таштап туруп качып кетишти. Алар унаанын эшигин ачып "ташта!" деп кыйкырышты. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери чакырылып, аймак курчоого алынды. Адамдын денеси табылган жерден кандын издери байкалбайт. Анын өлүмүнө себеп болгон окуя башка жакта болушу мүмкүн деп жатабыз", - деди күбө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baboskin
2017-10-15 08:51:08
Ошондо учун бардык жакка видео наблюдение коюш керек да, а то Адам олтуруу деген оюнчук болуп калды
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан