Бүгүн, 15-октябрда Ош шаарында президенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдырууга барган журналист Азамат Абсатаров коркутууга туш болду. Ал шайлоо тилкесинде өз ишин аткарып жаткан учурга туш келген окуяны SUPER.KG`ге айтып берди.
"Мен шаардагы бардык шайлоо тилкелерин кыдырып түз алып берүү жүргүзүп жаткам. Бир жерде "Памир" деген самса саткан кафеде шайлоо болуп жатыптыр. Мага кызык болду. Анан жанымда дагы бир кабарчы камерага, мен болсо телефонго тартып баштадык. Түшкөндө эле жанымдагы жолдошумдун камерасын тартып алды. Эмне кыласыңар аны деп барсам мени моюнуман муунтуп, мага олуттуу зыян келтире турганын айтып коркута башташты. Ошол учурда бизди участоктун ары жагында жайгашкан бир дарбазасы бар үйгө тартып кетти. Ал жакта спорттук дене түзүлүштөгү балдар бар экен. Алар бизден камерабыздагы флешкабызды тартып алып коюшту. "Шайлоо өткөндөн кийин деле биз силер менен сүйлөшөбүз, тааныйбыз" деген сөздөрүн айтышты. Эң өкүнүчтүүсү милиция кызматкерлери ошол жерден карап туруп, жок дегенде "койгула" деп ажыратып койгонго жарашкан жок. Тескерисинче бизди кетип калгыла деп түрткүлөштү", - деди Абсатаров.
Ал техникалык жабдыктарын, шайлоо участкасына келген тааныш адамдары аркылуу кайра алганын айтты.