SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнө бүгүнкү президенттик шайлоо боюнча ар түрдүү кабарлар келип түшүүдө. Төмөндөгү видеодо өлкөдөгү шайлоо тилкелеринин биринде шайлоочу сабалгандыгы тууралуу окуя тартылган. Видеону жөнөткөн адам окуя №2186-шайлоо тилкесинде орун алганын кабарлаган.
Видеодо көк футболка, спорттук кийимчен, бети-башы кан болгон адам менен костюм шымчан адамдын кыскача маеги тартылган. Ал жерде жабыр тарткан адам "менин бетиме эч ким түкүргөн эмес, Маматали", - деп жанындагы кишиге кайрылып, андан ары сөгүнгөн сөздөр менен диалог уланат. Видеого тартып жаткандар жабырланган адамды "Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек өзү уруптур" деп сүйлөшкөндөрүн угууга болот.
Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Самара Кыдырова бул окуя тууралуу SUPER.KG порталына төмөндөгү жоопту айтты.
"Бул иш боюнча жабырлануучу Кыдыр Мадсаков аттуу жаран Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин үстүнөн Ноокен районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Окуя шайлоо тилкесинде эмес, андан алыс жерде болгон. Ал жерде сабаган эмес, өз ара пикир келишпестиктен улам кол көтөрүү болгон. Кайым айтышуудан кийин кол менен урганда жабырлануучунун бетине тийип канап кеткен. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирди Самара Кыдырова.
Эскерте кетсек, министр Нурбек Мурашевдин аты-жөнү буга чейин бир нече чуулгандуу окуяларда аталып келген. Алсак, министр депутат болуп турган кезинде 2014-жылдын февраль айында тууганы экөө Улуттук госпиталдын №3-неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевге кол көтөргөнү тууралуу маалымат тарап, мунун аягы кылмыш ишинин козголушуна чейин жеткен.
2015-жылдагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо мезгилинде дагы Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты болуп турган маалында Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кабулжан Кимсанбаевди сабап салганы маалым болгон. Мурашев талапкер Кабулжан Кимсанбаевди Сакалды айылына жакын жердеги талаага алып барып денесине оор жаракат келтиргени, депутаттан токмок жеген Кабылжан Кимсанбаев ден соолугуна келтирилген соккунун кесепетинен шок абалына түшүп, Ноокен райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазганы айтылган.