Эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан Чолпонбек Бегимбаевге издөө салынат

Бишкек шаардык Ленин РИИБи 1997-жылдын 25-январында туулган Чолпонбек Бегимбаевге издөө салат. Ал ушул жылдын 3-августунда саат 10:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз деп изделүүдө.

Изделип жаткан жарандын белгилери: бою болжол менен 164-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө. Чачы, көзү кара, мурду чоң, кырдач. Ошол күнү үйдөн кара түстөгү футболка, кара түстөгү чолок шым, жайкы бут кийим кийип чыгып кеткен. Өзгөчө белгилери: сол колу сынгандыктан бир аз ийрейип турат жана тактары бар.

Бишкек ШИИББи Бегимбаевди көргөн билгендер болсо, 0 (312) 35-29-47; 0 (700) 65-65-87; 0 (778) 18-81-36 телефон номерлерине же "102" кызматына билдирип коюуну сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbekasr
2017-10-15 18:39:07
Тооба кылдым эми издеп жатышабы 2 айдан соң.Чет элтик же Израильдик болгондо ошол күнү издеп тапмак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан