Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин саат 18:00гө карата берген маалыматы боюнча, өлкө аймагындагы шайлоо участкаларында өрт кырсыгы катталган жок.
"Буга чейин ӨКМнын кызматкерлери тарабынан шайлоо өтчү жерлерде өрт коопсуздугун сактоо боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлгөн. Өрт өчүрүүчүлөр күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Азырынча шайлоо тилкелерине байланыштуу чалуулар түшө элек", - деп билдиришти ӨКМдан.
Бүгүн, 15-октябрда өлкө аймагында президенттик шайлоо өтүп жатат.