Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча башкы штаб өлкөнүн аймактарында өтүп жаткан шайлоонун жүрүшү боюнча кечки саат 17:00гө карата маалымат берди. Анда ИИМ башчысынын орун басары Алмаз Орозалиев саат 16:00гө карата өлкө аймагында шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна карата 12 арыз келип түшкөнүн айтты.
"Жалпы республика боюнча 12 арыз келип түштү. Анын ичинде добуш сатып алуу фактыларынан 2, шайлоо тизмесинен жок болуп калганы боюнча 2, денеге залал келтирүү 3, жашыруун добуш берүү эрежесин бузуу 1, шайлоочулардын форма №2 тизмесине байланыштуу 2 факт катталган. Азыркы тапта коомдук саясий абал тынч. Түзүлгөн кырдаал боюнча милиция кызматкерлери териштирүү жүргүзүүдө. Бюллетенди сүрөткө тартып чыгаруу боюнча БШК териштирүү иштерин жүргүзөт. Ал үчүн административдик жоопкерчиликке тартылат”, - деди Орозалиев.
Бүгүн, 15-октябрда өлкө аймагында президенттик шайлоо өтүп жатат.