Кара-Көл шаарында унаанын дөңгөлөгү чыгып, бир адамды сүзүп кетти

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында унаанын дөңгөлөгү чыгып, бир адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 384-чакырымында унаанын дөңгөлөгү чыгып кетип, бир адамды сүзгөн. Натыйжада кырсыктан 1987-жылы туулган Т.У. аттуу тургун жабыркаган. Жаракат алган тургунду "Тез жардам" кызматкерлери ооруканага алып кеткен. Ал башынан жеңил жаракат алган деп айтылат маалыматта.

Окуя 15-октябрь күнү саат 10:13тө болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tttalant
2017-10-16 09:10:23
Сактасын кырсыкта тушунуш керек айдочуда атайын кылган жок..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан