Бишкекте Ак Үйдүн тосмосун ашып өткөн чет элдик студенттер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-октябрдан 15-октябрга караган түнү 22 жана 20 жаштагы Индиянын эки жараны Ак Үйдүн тосмосун ашып түшкөн учурда күзөтчүлөр тарабынан кармалган.
"Алардын айтымдарында, Бишкектеги университеттердин биринде окушат. Панфилов паркында жүрүшүп, Ак Үйдү музей деп ойлоп, жакыныраак барууну чечишкен. Учурда аталган факт боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.