Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев менен бирге массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүшкөн деген шек менен кармалгандардын баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунун чечими менен өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 16-октябрда Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Айта кетсек, буга чейин Мирлан Термечиков, Рамис Жунусалиев, Деңиз Раимкулов жана Майрамбек Маткулов кармалган. Кийин Биринчи Май райондук соту тарабынан 2 айга, тактап айтканда, 30-ноябрга чейин камакка алынган.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев 30-сентябрда массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан кармалган.