16-октябрдан 17-октябрга караган түнү Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында бир нече жерге өрт коюу болду. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Өрт кырсыктары катталганы чындык. Маевка айылында бизге жеткен маалыматтар боюнча 3 унаа, 1 үй жана 1 соода-сатык кылуучу күркө күйгөн. Бул кылмышты канча адам жана кимдер жасап жаткандыгы тууралуу иликтөө жүрүп жатат. Учурда Аламүдүн РИИБинин ыкчам тобунун толук курамы окуя болгон аймакка жөнөп кетишти. Кененирээк, такталган маалыматты бир аздан кийин беребиз", - деп билдирди Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын башчысы Нурбек Токтосунов.
Ошондой эле милиция кызматкерлери өрт коюп жүргөн адамды жабырлануучулардын сүрөттөп бериши боюнча психикалык жактан жабыркаган адам болушу мүмкүн деп болжошууда.
"Шектүү турак үйлөрдүн бирине келип, үйүн ача албай, эшигине өрт коюу аракетин жасап жатканда үй ээси, улгайган апа көрүп калып кыйкырыптыр. Аны байкап калган адам башын кармап алып бакырып качкан экен. Мындан улам бир нече жерге өрт коюп жүргөн адам психикалык жактан жабыркашы мүмкүн деп жатабыз. Бирок бул божомол гана", - деп кошумчалады Токтосунов.