Өткөн сутка ичинде ӨКМнын "101" кызматына Чүй облусунун аймагынан 7 телефон чалуу болгон. Алардын экөө Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылынан келип түшкөн. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Маевка айылынан саат кечки 09:00 чамасында келген чалуу боюнча өрт өчүрүү кызматы барганда Жаш Гвардия бульварындагы №251-үйдүн 35 метр квадрат пластик каптамасы, 3 эшиги жана 2 терезеси күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө 4 саат сарпталды. Үй ээлери жабыркаган эмес жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Муну менен катар Сельская көчөсүндөгү №35-үйдүн короосунда токтоп турган Фиат үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле Тойота-Калдина үлгүсүндөгү жеңил унаа дагы жарым жартылай күйгөн. Бул өрт кырсыктары боюнча чакыруу түнкү саат 02:23 чамасында келип түшүп, тилсиз жоо 03:08 чамасында өчүрүлгөн", - деп билдиришти ӨКМдан.
Эскерте кетсек, Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында бир эмес, бир нече өрт катталганын бүгүн, 17-октябрда укук коргоо органдарынан тастыкташкан.