Өлкөдө 24 сааттын ичинде 2 адамды поезд сүзүп каза болду. Бүгүнкү каза болгон жаран 20 жашта болгон

Бишкек шаарында поезддин алдында калып каза болгон жарандын өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек шаарында поезддин алдында калып каза болгон жаран 1997-жылы туулган Сокулук районунун тургуну болгон. Ал Бишкек шаарында жеке фирмада темир уста болуп иштечү экен. Ал эми машинисттин айтымында, каза болгон бала наушник тагынып бара жаткан, ошондуктан машинисттин берген сигналын укпай койгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Мындан сырткары мындай кырсык кечээ, 16-октябрда да болгонун кошумчалады.

"16-октябрга караган түнү саат 1:00дөр чамасында Сокулук районундагы Шопоков шаарынын жанында 20-25 жаштагы азиат түспөлүндөгү адамды да жүк алып бара жаткан поезд сүзүп кеткен. Анда да машинист сигнал берип каза болгон адам укпай койгон. Учурда ал адамдын өздүгү такталып жатат", - дешти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, бүгүн, 17-октябрда саат 8:00дөр чамасында Бишкекте бир адам поезддин алдында калып каза болгондугу тууралуу SUPER.KG'ге "Тез жардам" кызматынан кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nur8777
2017-10-17 16:04:58
Эмне алар темир жолдун ичинде басып баратышканбы? Жаткан жерлери жайлуу болсун
+1
Aizattt
2017-10-17 16:22:27
Жок сыртында басып баратса поезд кайрылып чыга калып сузуптур
+5
Samat777
2017-10-17 16:29:01
Наушник адамдарды келесоо кылмай болду. Ар бир нерсенин чеги бар го. Кайда барсан Мамайдын көрү. Кулакта наушник соо туруп дүлөй болушат.
+2
AltynaiEsenturova
2017-10-17 16:31:23
Наушниктин пайдасы акырындатып алып укса олбой калат беле жаткан жери жайлуу болсун
+1
Bulak25
2017-10-17 16:31:42
олум кобойду аябай эле... Кыргыз элим абайлап жургулочу
+1
Kroxa
2017-10-17 16:38:41
Карабайбы коз барбы??макул кулакты кудай алыптыр наушник учун..97 жылкы жапжаш 20 жашта олот эмне??сактансан сактайм дейт Кудай деле...
0
Jelezo
2017-10-17 16:47:50
Эми наушник менен поезд жолдон жүрбөй калышат
+1
KIPCHAK-KALMAK
2017-10-17 16:53:00
Жайы жаннаттан болсун! ушул наушникчендер тойгозушту особенно жаштар кыздар пешеходтон укпай отушот жон эле жургулочу наушнигинди уйдо уга бергилечи
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан