Орусиянын курамындагы Удмуртия Республикасында террористтик акт тууралуу жалган маалымат берүүгө шектелип, Кыргыз жараны камакка алынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 13-октябрда белгисиз адам Удмуртия Республикасынын Глазов шаарындагы райондор аралык ооруканага чалып, алардын имаратында жарылуучу зат коюлгандыгын кабарлаган.
Натыйжада имараттан 200дөн ашуун адам эвакуацияланып, бирок эч кандай жарылуучу зат табылган эмес. Ошол эле күнү кечинде бомба тууралуу жалган чалууга шектелип Кыргыз жараны кармалган.
Андан сырткары аталган маалыматта Кыргыз жаранынын аты-жөнү аныкталбагандыгы, туруктуу жашаган жери жоктугу, Орусиянын аймагында каттоого турбагандыгы айтылат. Буга байланыштуу ал качып кетпесин деп соттун чечими менен 30 күнгө камакка алынганы жазылган.