Бишкекте алдамчылыкка шектелип чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Пакистандын 4 жараны аларды алдап кеткен мекендешине чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылышкан. Алардын айтуусуна караганда А.Т. аттуу Пакистандын жараны аларга Канада өлкөсүнө барып иштөө үчүн виза алып берүүгө убада берип, алардын жалпы 70 миң долларын алып изин суутуп кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштеринин натыйжасында Пакистандын 1994-жылы туулган жараны кармалган.
Ошондой эле аталган маалыматта учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы, шектүү мурда да алдамчылыкка шектелип кармалганы айтылат.
.