Американын Жоржия штатында 4 балалуу эне 2 баласын тирүүлөй электр мешине салып күйгүзүп өлтүргөн деп айыпталууда. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, аял психикалык жактан жабыркаган.
Полициянын маалыматына ылайык, 24 жаштагы аял 1 жана 2 жаштагы балдарын электр мешине салып, куйкалап өлтүргөндөн кийин балдардын атасына аларды видеобайланыш аркылуу көрсөткөн.
Түгөйлөрдүн башка 2 баласы жабыркаган эмес. 3 жаштагы Жамиль үйдө болгон, ал эми 6 жаштагы эң улуу кызы бул күнү туугандарынын үйүнө конокко кеткен.
Маалыматта жазылгандай, аял 4-баласын төрөгөн кезде атасы каза болуп, көп өтпөй ал психикалык жактан дартка чалдыккан. Бир ай мурун бала багуучу таппай, жумушунан бошогон.
Учурда эне балдарынын өлүмүнө күнөөлүү эмес экендигин айтууда. Ал полицияга балдарды тааныштарына таштап жумуштары менен кетип, келгенде 2 баласы күйүп өлгөнүн көргөнүн айткан. Бирок полиция бул версиянын чындык экенине ишенген эмес.