Бишкекте 60 жаштагы аялды унаа сүзүп, ал баш сөөгүнөн ачык жаракат алып ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда SUPER.KG порталына "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Тез жардам" кызматына чакыруу 17-октябрда саат 20:20лар чамасында түшкөн. Маалыматта Range Rover үлгүсүндөгү унаа аялды сүзүп, баш сөөгүнөн ачык жаракат алган 60 жаштагы аялга биринчи жардам көрсөтүлгөнү айтылат. Жабырлануучу улуттук госпиталга жеткирилген, ошондой эле ачык жаракат менен катар, анын баш мээси да чайкалганы маалым болду.