Ош-Бишкек жолунун Өзгөн аймагында 3 жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду

Ош-Бишкек жолунда 3 жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош-Бишкек жолунун Өзгөн аймагында Toyota Windom үлгүсүндөгү унаа жол чыракта токтоп турган Daewoo Tico унаасын сүзгөн. Натыйжада Тико унаасы алдында турган Honda Fit унаасын сүзгөн. Окуя 17-октябрь күнү түнкү саат 23:00 чамасында болгон.

"Кырсык болгон жерде эки унаанын ортосунда калган Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу М.А. аттуу 1994-жылы туулган айдоочу унаанын ичинде кыпчылып каза болгон. Toyota Windom үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында болгон. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан