Бишкек шаарында спайс затын таратуучулар кармалды

Бишкек шаарында спайс затын таратуучулар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектелип Орусиянын жараны 1991-жылы туулган К.И. жана анын Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну 1992-жылы туулган жарандык никедеги жубайы Б.Е. кармалган.

Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө 1,5 грамм салмактагы спайс заты жана ишмердүүлүгүнө колдонуп жүргөн 208,000 сом жана 393,000 рубль суммасындагы акча каражаты, ошондой эле компьютердик техника, 6 даана диск, 1 дрон учуучу аппараты табылган. Мындан сырткары 3 виза картасы жана 4 даана уюлдук телефон 15ке жакын сим-карта алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ori
2017-10-18 15:37:33
Нарко барондорго олум жазасын киргизиш керек !и так аз кыргызды кууратып бутмой болдунар акмактар!
+6
Lu4ano
2017-10-18 15:51:47
ori,озуно олум жазасы а кыргыздарга мындай дал келбейт башка нук мн тарбиялаш керек буларды кучотулгон тартипте
-1
ori
2017-10-19 00:04:02
Lu4ano,эртен сенин инин наркотикага коз каранды болгондо ошондо менин оюма кошуласын!башка жол менен кытай да тарбиялалбай олум жазасын киргизген!дуйнолук практиканы карасан
+2
Kairat.96
2017-10-18 17:11:47
Буларга баш оорутуп эмне кыласынар, ХХХХ
-1
BekAmir
2017-10-18 19:11:02
Катуу жазалаш керек
+1
Ayida
2017-10-18 21:53:29
Спайс заты не ал адамдарга сататбы же бир демеге кошуп беретби же бекер таркатабы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан