"Казакстанда баңгизаты менен кармалды" делген Кыргыз офицери Казакстандын убактылуу кармоочу жайына бир айга камалды

"Казак-Кыргыз чек арасында баңгизаты менен кармалды" деп шектелген Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн офицери Казакстанда бир ай убактылуу кармоочу жайда кармалат. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Кыргыз Республикасынын Башкы штабынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Алардын мыйзамына ылайык, кармалган шектүү адам бир айга камалат экен. Ал баңгизатынын кандай түрү менен кармалды бизде так маалымат жок. Негизи эле аталган иш тууралуу бизге кеңири маалымат берилген жок. Учурда Казак тарап менен биздин Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын подполковниги Казак-Кыргыз чек арасында баңгизаты менен кармалганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
oscar
2017-10-18 18:15:22
Атайын жасалган го
+2
imanchik
2017-10-18 18:29:43
Казактар чек араны жаап туура эле кылат
+1
Neizvestno777
2017-10-18 18:40:41
Подстава
+1
Makain
2017-10-18 18:45:08
Neizvestno777,кордун беле подстава экенин коргонсуп айтасында.
-3
jbolotov
2017-10-19 09:10:13
Дагы жакщы экен Казак окмоту. Кытайда кармалса атууга кетмек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан