Өзгөндө жол чыракта токтоп турган унааны сүзгөн айдоочу камакка алынып, соттук-медициналык экспертиза иш жүргүзүүдө

Ош-Бишкек жолунун Өзгөн аймагында жол чыракта токтоп турган унааны сүзгөн айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жол чыракта токтоп турган унааны сүзүп, адам өмүрү кыйылган окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тиешелүү кызматтар иш жүргүзүүдө. Ал эми окуяга себепкер болгон Toyota Windom үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу камакка алынды. Айдоочунун мас абалда экендиги аныкталган. Ал Өзгөн шаарынын 1992-жылы туулган тургуну болгон. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин кылмыш иши козголот", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, 17-октябрь күнү түнкү саат 23:00 чамасында 3 жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып адам өмүрү кыйылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан