Чүй облусунда белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду атып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 18-октябрь күнү саат 19:00 чамасында Аламүдүн районунун Маевка айылына жакын жерде болгон. Анда белгисиз адамдар Биримдик айылынын 1981-жылы туулган (эркек киши) тургунун атып, качып кетишкен.
"Ок жабырлануучунун ичине тийген. Ал ооруканага жеткирилген. Тергөөчүлөр барганда ал мас абалда болгон. Учурда кылмышка шектүүлөр изделүүдө" , - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.