АКШнын Флорида штатында Вероника Грин Поузи аттуу аял адам өлтүргөн жана балага карата каардуу мамиле жасаган деп айыпталууда.
Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, 64 жаштагы Вероника Грин Поузинин салмагы 147 килограмм. Анын полицияга берген көрсөтмөсүнө ылайык, бир тууганынын 9 жаштагы кызы Дерика Линдсейди тил албагандыгы үчүн "жазалайм" деп үстүнө отуруп алган.
Полиция Поузи менен кошо анын бир топ туугандарын кармаган. Алар полицияга Поузи адегенде кызды сызгыч андан кийин темир түтүк менен урганын айтып беришкен. Бул учурда Дерика качып кетүүгө аракет кылган, бирок аны Поузи кармап алып үстүнө 10 мүнөттөй отурган. Дерика дем ала албай калганын айткандан 2 мүнөттөн кийин гана Поузи анын үстүнөн турган.
Бирок бул учурда 9 жаштагы Дериканын жүрөгү токтоп калган.