Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 299-2 беренеси боюнча 1 адамдын үстүнөн кылмыш ишин козгоду. Мындай маалыматты ЖАМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Тактап айтсак, ЖАМК, УКМК жана ИИМ менен биргеликте рейд жүргүзүлүп, натыйжада М.Х. аттуу "Хизбут-тахрир" тыюу салынган уюмунун активдүү мүчөсү кармалган. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин "экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам топ аталган жаран Жалал-Абад облусунда жашаган жакын туугандарынын үйүндө жашырынып алып, аталган уюмдун лидерлери менен байланышта болуп жүргөнүн аныкташкан.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун уруксаты менен жүргүзүлгөн тинтүү иштери учурунда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон жана Сузак райондорундагы шектүүнүн туугандарынын үйлөрүнөн экстремисттик мүнөздөгү материалдар табылган.
Теологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен аталган материалдардын экстремисттик мүнөздө экендиги аныкталып, учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө.