Бишкек шаарындагы Аламүдүн-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батир күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкектеги батирдин күйүп жатканы боюнча билдирүү саат 10:20лар чамасында түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр саат 11:20 чамасында тилсиз жоону чектөөгө алып, 12:05те толук өчүрүшкөн. Тутанган жалындан жабыр тарткандар жок", - деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.
Маалыматка ылайык, өрт 7-кабаттагы батирлердин биринен чыккан.