Чаткал районунда алтын кен боюнча чыр чыгып, 1 адам ооруканага жаткырылды

Чаткал районунда алтын кен боюнча чыр чыгып, 1 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда SUPER.KG порталына Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын жашоочусу билдирди.

Анын айтымында, окуя кечээ, 18-октябрь күнү саат 16:00-17:00 чамасында болгон.

Окуяга күбө болгон жарандардын айтымында, алтын казган "Эвентус" ишканасы Терек-Сай айыл аймагындагы техникаларын алып чыгып кетүү үчүн 50гө жакын адам менен келген. Алар техникаларды алып чыгып кетүүгө каршылык көрсөткөн 10го жакын жергиликтүү тургунду сабап салышкан. Окуя учурунда бычак менен коркутуулар болуп, ок да атылган. Чырдын келип чыгуусуна алтын казган ишкана убадаларын аткарбай койгону себеп болгон.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда, маалымат такталып жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
grace
2017-10-19 15:34:47
Ким экен алар кыргызды сабаган?
0
Dastanke2014
2017-10-19 15:36:17
Алтын бар жерде чыр бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан