ИИМдин эки кызматкери пара талап кылганы үчүн кармалды

ИИМдин эки кызматкери пара талап кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-октябрь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын негизинде ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын эки кызматкери кармалган.


"Буга чейин укук коргоо органдарына милиция кызматкерлеринин пара талап кылып жатканы боюнча арыз келип түшкөн. Анын негизинде Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Учурда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Кылмышка шектүүлөр УКМКнын СИЗОсуна киргизилди", - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2017-10-19 15:31:46
Эки сержанты жуз сом алганы учун камашса керек
+4
Azatbek83
2017-10-19 16:47:18
Элдин козуно калп эле оздорун корсотуп жатышат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан