Жалал-Абад ОИИБи: "Чаткалда чыккан чыр алтын кенге байланыштуу эмес, өз ара пикир келишпестик себеп болгон"

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Чаткал районунун Терек-Сай айылында чыккан чыр алтын кенге байланыштуу эмес экенин жана окуя учурунда эч кандай ок атылбаганын SUPER.KG порталына билдирди.

"Кечээ, 18-октябрь күнү Чаткал районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал "Эвентус" ишканасынын лагеринде Ала-Бука районунан келген 3 адам менен өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кеткен. Анын кесепетинен 31 жаштагы жаран денесинен жеңил жаракат алып, Терек-Сай айылындагы ооруканада медициналык жардам алып чыгып кеткен", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.

Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБи "бычак менен коркутту, ок атылды" деген маалыматтар жалган экенин кошумчалады.

Айта кетсек, буга чейин окуяга күбө болгон жаран алтын казган "Эвентус" ишканасы Терек-Сай айыл аймагындагы техникаларын алып чыгып кетүү үчүн келген 50гө жакын адам аларга каршылык көрсөткөн 10го жакын жергиликтүү тургунду сабап салышканын билдирген. Ошондой эле ал окуя учурунда бычак менен коркутуулар болуп, ок да атылганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан