Мындан бир жыл мурун, тактап айтканда, 2016-жылдын 24-октябрь күнү Сузак районунун Сымкат айылында 2002-жылы туулган Шерзат Алимбековдун өз үйүнүн короосунда асынып алганы коомчулукка белгилүү болгон. Маркумдун атасынын иниси Эркин Алимбековдун айтымында, окуя 2016-жылдын 23-октябрь күнү түштөн кийин болгон. Ошондой эле ал тууганынын өлүмүнө айылдашы Кубанычбек Токтосунов себепкер экенин билдирген.
"15-октябрь түнү Кубанычбек Токтосунов Шерзатты айылдын четиндеги алма бакта “10 миң сом уурдаганыңды моюнуңа аласың” деп сабаган. "Бакка асып коём" дегенинен корккон Шерзат кылбаган ишти моюнуна алган", - деп айткан SUPER.KG порталына.
Маркумдун өлөр алдында жазып калтырып кеткен каты көпчүлүктү ыйлаткан. Катта Орусияда иштеп жүргөн апасын сагынганын жана эч кандай уурулук кылбаганын жазган.
"АКЫРКЫ СӨЗҮМ - МЕН АКМЫН!"
“Мен Бакыт акенин 10 миң сомун алган эмесмин. Анын баласы түнкү саат 2де алма бакта сабаганынан өлтүрүп коёбу деп моюнума алгам. Мылтыгынын мага эмне кереги бар? Аны кантип көтөрүп жүрмөк элем? 3900 сом менин акчам болчу. Анын 2000 сомун туалет казып алгам. Калганын чогултуп жүргөм. Ата, сиз мени ууру деп ойлобоңуз. Ал жерде мен акмын. Ак экенимди далилдеп берем. Мен азыр апамды эле күтүп жүрөм. 2-3 күндөн кийин келсе аны бир көрсөм эле болду. Өзүмдүн жана сиздин акчаңызды да төлөтүп берем. Акыркы сөзүм - мен акмын!”
Маркумдун атасы баласын бакка алып барып сабагандыгы боюнча Кубанычбек Токтосуновдун үстүнөн арыз жазган. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) боюнча кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Анын жыйынтыгында, маркумдун денесинде каза болгонго чейин алган жаракаттары бар экендиги аныкталган. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча да кылмыш иши козголгон.
Андан сырткары милиция кызматкерлеринин иши боюнча да кызматтык иликтөө жүргөн.
"Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында окуяны убагында көзөмөлгө алып, тиешелүү ыкчам иштерди жүргүзбөгөнү үчүн Сымкат айылындагы милициянын аймактык пунктунун жетекчиси жана аймактык тескөөчү кызмат ордунан бошотулган. Ал эми иш Сузак РИИБи тарабынан тергелип, Сузак райондук сотуна өткөрүлүп берилген", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.
Ишти Сузак райондук соту карап, 2017-жылдын 10-мартындагы өкүмү менен Кубанычбек Токтосуновду күнөөлүү деп тапкан.
Өкүмгө ылайык, Кубанычбек Токтосунов Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) жана 102-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен күнөөлүү деп табылган. Ал 234-берене боюнча 5 жылга, 102-берене менен 3 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин (бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) негизинде белгиленген жазалар жарым-жартылай кошуу жолу менен 6 жыл эркиндиктен ажыратуу жазасы белгиленген. Кубанычбек Токтосуновго белгиленген жаза 63-беренени колдонуу менен шарттуу деп эсептелинип, ага 2 жыл сынак мөөнөтү белгиленген. Белгиленген сынак мөөнөтүнүн ичинде жаңы кылмыш жасабаса жана сот ага жүктөгөн милдеттерди аткарса, өкүм аткарылбасын делинген. Соттолуучу Жазык-аткаруу инспекциясынын макулдугусуз жашаган жерин алмаштырбоо, иштеген же окуган жери өзгөрүлгөндүгү жөнүндө Жазык-аткаруу инспекциясына маалымдоо, жазык-аткаруу инспекциясынан катталуу үчүн мезгил-мезгили менен келип туруу, аларга маалымдабай туруп туруктуу жашаган жеринен кетпөө милдеттендирилген. Ошондой эле бөгөт коюу чарасы өзгөртүлбөстөн жашаган жеринен башка жакка кетпөө кол катында калтырылган.
"Өкүмгө нааразы тараптар он күн мөөнөт ичинде Жалал-Абад облустук сотуна Сузак райондук соту аркылуу даттанууга укуктуу. Бирок өкүм апелляциялык же кассациялык тартипте даттанылган эмес жана мыйзамдуу күчүнө кирди", - деп билдиришти Жалал-Абад облустук сотунан.