Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 2 жаштагы кыз дарыяга түшүп кетип каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 21-октябрь күнү саат 17:00 чамасында Айгыр-Жал айылынын тургуну, 2015-жылы туулган Айзирек Абдыбакирова Чаткал дарыясынын жээгинде ойноп жатып сууга түшүп, агып кеткен.
22-октябрда саат 08:55те 15 куткаруучу, туугандарынан 12 адам, райондук ички иштер бөлүмүнөн 12 кызматкер издөө жумуштарын жүргүзүшкөн. Саат 09:55те кыздын жансыз денеси табылып, туугандарына берилген.