Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Орток айыл аймагында 20 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан токойчу дагы деле табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Айта кетсек, Орток айыл өкмөтүнүн Жолчубек Абдрасулов аттуу токой чарба кызматкери 3-октябрдан бери дайынсыз болуп, изделип жаткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жоголгон токойчуну 16 куткаруучу издеп, 20 күндөн бери издөө иштери улантылып жатканын кабарлашты.