Ысык-Көлдө жол кырсыгынан Израиль мамлекетинин 60 жаштагы Дани Нахум аттуу жараны каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады. Маалым болгондой, Дани Нахум 21-октябрь күнү саат 16:30 чамасында Түп-Кеген унаа жолунун 68-чакырымында Хонда-CRV үлгүсүндөгү унаасын башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Натыйжада Израиль жараны ошол жерден каза болуп калган. Ал эми анын жанында 53 жаштагы кыргыз аял болгон. Ал аял алган жаракатынан улам Түп районундагы ооруканага жаткырылды.
Дани Нахум Чүй облусунда убактылуу жашап, Бишкекте туристтик агенттик ачып, иштетип келген. Айрым маалыматтарга караганда, ал кыргыз аялга үйлөнүп, Кыргыз мамлекетинде 17 жылдан бери жашап келген.