"Кыргыз мамлекетинин аймагында теракт уюштурууну көздөгөн" деген шек менен 16-октябрда 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун 1986-жылы туулган А.Н. аттуу тургуну 2015-жылдан бери эл аралык террордук топтун курамында болуп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан.
"Ал Сириядагы террордук топтордун башчыларынын тапшырмасы менен Кыргыз жеринде террордук акт уюштурууга келген. Кармалган адам УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, учурда ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп кабарлашты мекеменин маалымат кызматынан.