Канат Исаевдин жактоочусу ага козголгон кылмыш иштерин бириктирип башынан кароону соттон өтүндү

"Мыйзамга ылайык, бир адамга козголгон бир нече кылмыш иши болсо алар бириктирилиши керек. Учурда УКМК тарабынан Канатбек Исаевдин иши каралып жатат, бул ишти кайра прокуратурага кайтарып кийинки козголгон кылмыш иши менен чогуу кароону өтүнөт элем. Бул мыйзамга ылайык келет", - деди Чынара Жакупбекова. Аны башка жактоочулар колдой тургандыктарын билдирип мамлекеттик айыптоочулар буга каршы чыгышты.
Сот аталган өтүнүчтү кароо үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

Эске сала кетсек, быйылкы президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Чынара Жакупбекова депутаттын үстүнөн козголгон мына ушул экинчи кылмыш ишин да кошуп кароону өтүнүүдө.

Аталган өтүнүч боюнча сот 11:30га чейин тыныгуу жарыялады.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан