Бүгүн, 23-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соттук иши боюнча отурум уланды. Отурумда мамлекеттик айыптоочулар тарабынан камсыздалган күбөлөрдүн бири Могамад Магамедрасулов суралды. Ал 2011-жылы жаз айларында Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын Шыкмаматовдун жубайына 12 миң 800 долларга сатканын айтты. "Өзүнүн баасы сатылганга чейин 14-15 миң долларга бааланып, бирок тез аранын ичинде сатуу керек болуп Шыкмаматовдун жубайына 12 миң 800 долларга саткам", - деди Магамедов. Ал Шыкмаматовдун суроолоруна жооп берип жатып унаа өтө жакшы абалда болгонун белгиледи.
Мындан башка күбөлөр сот отурумуна келбей калгандыктан сот ишти кароону тараптардын макулдугу менен 25-октябрга жылдырды.
Жогорку Кеӊештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев жана "Барат Люкс" ишканасынын жетекчиси Али Юкселге ушул жылдын 17-февралында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. Шыкмаматов муну "саясий кысым" деп келет.
Эскерте кетсек, аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.