Бишкекте курулуп жаткан курулуш урап, 6 адам жабыркады. Бирөөнүн абалы оор

Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө жүрүп жаткан курулуш кулап түштү. Бул тууралуу күбөлөр кабарлашты. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кырсыктан 6 адам жабыркагандыгы белгилүү болду. Имараттын 2-кабатына курулган каркасы түшүп кеткени айтылууда. Борбордук "Тез жардам" кызматынан билдиргендей, жабыркагандардын бирөөнүн абалы оор болууда. Ал эми ӨКМнын маалымат кызматы кырсык боюнча төмөнкүлөрдү кабарлады.

"Окуя саат 14:10 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь районунда алдын ала алынган маалымат боюнча А.Токомбаев көчөсүндө жаңы курулуп жаткан имаратта болгон. Кырсык болгон жерге "Тез жардам" кызматы барып 4 адамга алгачкы медициналык жардам көрсөткөн. Ал эми жабыркаган 2 адам ооруканага жеткирилген".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Guji
2017-10-23 16:43:11
Сапатууу кылып курушпайбы.Эртен эл киргенде ушундай болсо эмес болмок.Азыр жер тамдан өтөрү жок бизге аныда өзүбүз гана салсак а так ишениш кыйын көпүрөлөрү 1 жылга жетпей урайтко.
+7
Ayka1994
2017-10-23 17:28:13
Эконом кылып алматураларды ничкесин же кээ бир жерлерине кой бой койгондун кесепети ушундай болот! Мындан кийин прорабдар ойлонуп баарын оз эрежесиндей кылып койсо мындай нерсе болбойт.
+3
Adil706070
2017-10-23 22:05:59
Бизде козомол жок.мектепти бутуп,бутпой келген жаш тажрыйбасы жетишсиз балдар курган уй кантип сапаттуу жана талапка жооп бермек эле
0
Arlenchik
2017-10-23 22:35:32
Сапаттуу кылып курбай курулуш материалдардын арзанынан салышып аныда экономдоп эреже боюнча кылышпай, эптеп эле куруп сатып иймей, ал акчаны канча мээнет мн чогултуп журуп алып атышат кызылдай акчасын алып аткандан кийин сапаттуу кылып курушса, эл кирип жашап атканда ушунтип куласа эмне болот эле, козомолду кучотуш керек, кайсы курулуш компанияга таандык экенин тактап ачыктап койгула, эл билип калса уятынан жакшы куруп калышар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан