Орусиянын Саратов облусунда жол кырсыгы катталып 5 Кыргыз жараны жабыркады

2017-жылдын 23-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:50дө Орусия Федерациясынын Саратов облусунда Р-236 "Энгельс-Ершов-Озинки" трассасынын 103-чакырымында Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу ӨКМдан жана Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

"Жол кырсыктын кесепетинен 5 жүргүнчү (Кыргыз Республикасынын жарандары 2 аял, 3 эркек) жабыркап, Фёдоров райондук ооруканасына жеткирилген. Ошондой эле жабыркагандардын арасынын бири медициналык жардам алуудан баш тарткан. Айдоочу жабыркаган эмес. Жабыркагандардын аты-жөнү такталууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ABAkg86
2017-10-23 17:42:20
Мен да бир канча жолу оруссиядан казахстан, украйинага барып келгемин. Айдоочулар кобунчо жаш балдар. Шашып ото катуу айдайт, уйкусурап журушот. Границадан келип эле клиент бар экен, машина толду деп кайра жолго чыгат.Себеби кобунчо машинанын сатып алган ээси башка бироо, аны айдаган башка бироо. Рейсине хозяинден акча алат. Айдоочу машинаны ремонт кылбайт. Жолдо ар жерде токтоп 1-2 саат уктайт. Жургунчунун омуру бир пул. Эптеп эле границага барып келсе, акча алса. Кечирип койгула, бирок чыдык!
+8
Samash-87
2017-10-23 18:10:21
Анырандап околорун колуна кармап алышып катуу айдашат.Акырын журуш керек олгун келсе озу оло бербей башкалардын олумуно себепкер болушат.
+2
Ali-han
2017-10-24 12:20:13
Биз кечинде кордук. Кудай сактаптыр. Казакстан границасына жакын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан