Бишкектеги А.Токомбаев көчөсүнө курулуп жаткан имараттын кулашы боюнча аталган курулушту ишке ашырып жаткан компания билдирүү таратты. ӨКМ билдиргендей, кыйроого учураган курулуш Бишкектеги "Авангард Стиль" курулуш компаниясына таандык болгон. Окуя кечээ, 23-октябрда катталган.
"23-октябрда саат 13:56 чамасында Токомбаев көчөсүндө жайгашкан "Авангард Стиль" ЖЧКсына таандык имаратта кооптуу кырдаал катталган. Имарат 2 кабаттуу болгон, анын чатырына бетон куюп жаап жатканда азырынча бизге белгисиз себептерден улам, бетон куюлуп жаткан калыптын (опалубка) конструкциясы кулап кеткен. Жыйынтыгында эки курулушчу жабыркап, ооруканага түшкөн. Алардын өмүрүнө коркунуч жок.
Коомчулукта тарап жаткан маалыматтардан улам төмөнкүдөй билдиребиз: Биринчиден, жаралган кырсыктан адам өмүрү кыйылган жок жана өмүрүнө коркунуч келип, олуттуу жаракат алгандар жок. Экинчиден, имарат эмес, чатырына бетон куя турган калып конструкция кулаган. Ал эми үчүнчүдөн, кырсык катталган 2 кабаттуу имарат көп кабаттуу турак үйдүн жанында курулуп жаткан. Ошондой эле кырсыктын келип чыгуу себептери боюнча тийиштүү текшерүүлөр жүрүп жатат", - деп жазылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, ӨКМнын маалымат кызматы билдирген акыркы маалыматка таянсак, аталган окуядан 11 адам жабыркап, алардын 2өөнүн абалы оор боюнча. "Курулуш компаниясы жүргүзүп жаткан имараттын 2-кабатынын монолити кулап түшүп 11 адам жабыркаган. Ооруканага 2 адам оор абалда жеткирилип, 9 адамдын абалы туруктуу", - деп билдирген аталган кызматтан.