Монголияда кар көчкүдөн 10 альпинист каза болуп жетөө дайынсыз болууда

Монголиянын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Хангай тоо тутумунда кар көчкүдөн улам 10 альпинист каза болуп, жетөөсү дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда издөө иштерине 100 куткаруучу, 2 тик учак жана башка техникалар тартылып, издөө иштерин Монголиянын вице-премьер-министри Улзийсайхан Энхтувшин көзөмөлдөөдө.

Ошондой эле маалыматта кар көчкү жүргөн Отгон-Тэнгэр тоосу деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашканы, жергиликтүү тургундар тарабынан ыйык тоо болуп эсептелине турганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aerforce
2017-10-24 09:05:48
алпинистер менен байкерлер озуно олум издеген адам болушат экенда жаман иш болуптур беишин берсин кудайым
+5
saltanat.
2017-10-24 13:20:41
Эмне кайф эми ушул жумуштан?
+1
Isco23
2017-10-24 13:24:35
saltanat.,адреналин дейт,сага жакпаса башкасына кайф тартуулайт,рахат алат тоонун чокусуна чыгып багындырып(ырахаттын туу чокусуна чыккандай):)))
0
Guji
2017-10-25 00:27:59
Дайынсыз болуп атканыда өлдүда эми.Түбүндө калып кетишсе керекда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан