Орусияда жарандарды теракт жасоого үндөдү делген Кыргыз жараны соттолот

Орусияда жарандарды теракт жасоого үндөгөнү үчүн Кыргыз жараны соттолот. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын февраль, март айларында Кыргыз жараны интернет аркылуу Киров облусунун эки тургунун Москва шаарында террористтик кылмыштарды жасоого үндөгөн. Ал жүк ташуучу унаа менен топтолуп турган жарандарды сүзүүнү сунуштаган. Ошондой эле аталган маалыматта иликтөөнүн натыйжасында айыпталып жаткан Кыргыз жараны Орусияда тыюу салынган эл аралык террордук топтун мүчөсү экени аныкталганы айтылат.

Кылмышка шектүү Киров облусунан кармалып, бирок иштин материалдары Москва аймактык аскердик сотуна жөнөтүлгөнү маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Krai
2017-10-24 11:05:04
Жанагы эле ала топулар да
+2
portugalia
2017-10-24 13:10:42
Кыргыз жаранын жазыпсынар улутун кошо жазгылачы суперчилер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан