Мамлекетке 18 миллион сомдон ашык зыян алып келген делип Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жетекчилерине кылмыш иши козголду

Мамлекетке 18 миллион сомдон ашык зыян алып келген делип Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жетекчилерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалым болгондой, аталган айыл өкмөттүн кызматкерлери 2011-жылдын октябрь-декабрь айларынын аралыгында өз ара сынак өткөрүп, 1 гектар жерди И.А. аттуу жаранга 300 миң сомго 49 жылга сатып жиберишкени аныкталган. Жер тилкеси курулуш объектиси менен болгон. И.А. аталган жерди 2014-жылы К.Д. деген жаранга кайра сатып жиберген.

"Аталган жер базар баасы боюнча 18 миллион 426 миң сом деп баалангандыктан айыл өкмөттүн кызматтагы адамдары мамлекетке 18 миллион сомдон ашык зыян алып келишкен. Факты боюнча кылмыш иши ачылып, ишти иликтөө үчүн материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2017-10-24 19:06:34
Атамбаевге Ибрагимов жер сатты эле генпрокуратура эч кандай мыйзам бузулган жок дешбеди беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан