Элчиликтин айтымында, жабыр тарткандар Федотов райондук ооруканасында дарыланууда.
Кырсыктан жабыркаган Кыргыз жарандар:
- К.Төрөбаев, 22.04.1987-жылы туулган, ден соолугу канааттандырарлык, акыреги бир нече бөлүккө сынып кеткенине байланыштуу операциялык жол менен дарылоо талап кылынат.
- М.Жаныбекова, 01.05.1994-жылы туулган, абалы орто;
- А.Обидова,15.05.1990-жылы туулган, абалы орто;
- А.Айдарова., 18.09.1983-жылы туулган, абалы орто, акыреги сынып кеткенине байланыштуу операциялык жол менен дарылоо талап кылынат.
- А.Кудайбердиева, 01.11.1987-жылы туулган, абалы орто;
Жабыр тарткандарга жардам берүү максатында Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги жабырлануучулардын бири К.Төрөбаев менен сүйлөшкөн. Телефондук сүйлөшүүдө ал аялы М.Жаныбекова жана А.Обидова менен бирге 24-октябрда Москва шаарына жөнөп кетүүсүн пландап жатканын билдирген.
Учурда Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.
Эске салсак, 2017-жылдын 23-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:50дө Орусия Федерациясынын Саратов облусунда Р-236 "Энгельс-Ершов-Озинки" трассасынын 103-чакырымында Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган. Катталган кырсыктан 5 Кыргыз жараны жаракат алгандыгы маалым болгон.