Мас абалда Патрулдук милициянын кызматкери менен жаңжалдашкан айылдык кеңештин депутаты убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат катчысы Нурбек Токтосунов SUPER.KG'ге билдирди. Анын маалыматына ылайык, депутат милиция кызматкери менен жакалашып, анын видеобайкоо жүргүзүүчү жабдыгы менен погонун жулуп алган.
"23-октябрга караган түнү саат 1:00 чамасында Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаа каршы тилке менен келе жатканда Патрулдук милиция кызматкери тарабынан унаа токтотулган. Унааны 1994-жылкы айдоочу башкарып бараткан. Жол кыймылын бузганын түшүндүрүп жатканда анын жанында бараткан жүргүнчү "мени тааныбайсыңарбы? Мен бул жакта депутатмын" деп чыккан. Милицияны "ишке тоскоолдук жаратып жатасыз, сиздин аракетиңиз видеобайкоого түшүп жатат. Токтотпосоңуз чара көрүлөт. Биз протокол толтуруп алалы" дегенине карабай анын видеобайкоо жүргүзүүчү жабдыгы менен погонун жулуп алган. Андан кийин жакалашып кетишкен.
Ал учурда депутат 15ке жакын тааныш балдарын чакырып жиберген. Андан кийин ал жерге кошумча күч чыгып аны кармашып, Сокулук РИИБине алып келишкен. Жергиликтүү кеңештин депутатына "Бийлик өкүлүнө күч колдонуу" деген берененин негизинде кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды", - деп билдирди Токтосунов.