Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагында жол кырсыгынан 17 жаштагы айдоочу каза болуп 3 адам алган жаракатынан улам ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Патрулдук милициянын Ош облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтымында окуя кечээ, 23-октябрь күнү саат 22:00дөр чамасында болгон.
"Кара-Суу-Ош унаа жолунда катуу бара жаткан Мерседес-Бенц E320 үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги тосмону сүзүп оодарылып кеткен. Ичинде 17 жаштагы айдоочудан сырткары аны менен жашташ 3 жүргүнчү болгон. Жол кырсыгынын натыйжасында айдоочу каза болуп, жүргүнчүлөрү ар кандай жаракат алып ооруканага жеткирилген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.