Элчилик: "Москвада таштанды кагазды кайра иштетүүчү пресске кыпчылып каза болгон Кыргыз жаранынын өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө"

Орусиянын маалымат каражаттарында жарыяланган окуя боюнча Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги маалымат таратты. Маалымат каражаттарына 23-октябрь күнү Москва шаарында 28 жаштагы Куштарбек Галбаев аттуу Кыргыз жараны "Экопресс" ишканасында таштанды кагазды кайра иштеп чыгуучу пресске кысылып калып каза болгондугу тууралуу кабар жазылган.

"Элчилик аталган маркум чынында Кыргыз жараны экенин тастыктайт. Москва шаарынын Мамлекеттик эмгек инспекциясы тийиштүү документтерди топтоп, кырсык катталган "Экопресс" мекемесинин башчысы С.Е.Воропаевди чогулушка чакырып, маалыматтар жыйналууда", - деп билдирет элчиликтен.

Эскерте кетсек, 23-октябрда Орусиянын Москва шаарында 28 жаштагы Куштарбек Галбаев аттуу Кыргыз жараны "Экопресс" ишканасында таштанды кагазды кайра иштеп чыгуучу пресске кысылып калып каза болгон.

Кырсык учурунда ачуу кыйкырыкты угуп калып барышкан күбөлөрГалбаевдин пресске кысылып калганын көрүшкөн. Аппаратты токтотуп, чыгарууга аракет кылышкан. Бирок андан майнап чыккан эмес. Анын жансыз денесин чыгарышканда башы жана колу үзүлүп кеткенин көрүшкөн. Болжолдуу маалыматтарга караганда, Галбаев кагазды түргөн зымга илинип калып, пресске кептелип калган болушу мүмкүн. Пресс бир топ эле кубаттуу. Ал бир учурда эле 500 килограмм чийки затты иштетип чыга алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ekaterinburg
2017-10-25 10:02:58
Байкушум ай...Кор оокаттын айы да бул дагы(((
+1
stimyl.kg
2017-10-25 10:12:42
Ай байкуш кыргыздарым кор болдунго ар жерде тентип.
Бейиши болсун!
+2
nurhan2702
2017-10-25 11:57:59
Байкуш ай байкуш, кыйналып олуптур. Жайы жаннатта болсун, жакындарына сабыр тилейбиз
+1
arushka13
2017-10-25 21:39:31
Уй булосуно сабыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан