Бишкек-Торугарт унаа жолунда 60 жаштагы жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 28-августунда Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, белгисиз айдоочу Мерседес-Бенц спринтер үлгүсүндөгү унаасы менен 60 жаштагы тургунду сүзүп, жардам көрсөтпөстөн качып кеткен. Айдоочу алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.
"Иликтөө иштеринин натыйжасында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын 28 жаштагы тургуну кармалды. Шектүү күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.